Чоң-Тогузбайда волейбол турнири болуп өттү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында беш жыл мурда жол кырсыгынан каза тапкан маркум Талгат Келдибек уулунун жана Акбар Рыскуловдун элесине арналып райондук деңгээлдеги волейбол турнири болуп өттү.

Бул турнирде 1-орунду Чоң-Тогузбайдын тобу ээледи, 2-орунду Шаты тобу багындырса, 3-орунду Түп тобу алды. Турнирдин байге фонду 4500 сомду түзүп, жеңүүчүлөргө төмөнкүчө ыйгарылды. 1-орунга кубок, диплом жана 2000 сом, 2-орун –
диплом жана 1500 сом, 3-орунга – 1000 сом жана диплом.

WhatsApp Image 2017-03-14 at 6.10.10 PM WhatsApp Image 2017-03-14 at 6.10.16 PMУюштуруучулардын мүчөсү Мыктыбек Разыков турнирге болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатат деп билдирди.

“Былтыр ушул убакта да турнир өткөргөнбүз, анда күрөш боюнча мелдеш өткөн. Быйыл болсо балдар арасында волейбол оюнун өткөрүп жатабыз. Оюн райондук деңгээлде болду, жалпысынан ондон ашык топ келди”, – деди Разыков.

WhatsApp Image 2017-03-14 at 6.10.07 PMМаркум Талгат Келдибек уулунун апасы Гүлжамый Маматбекова уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

WhatsApp Image 2017-03-14 at 6.10.27 PM

WhatsApp Image 2017-03-14 at 6.10.35 PM

“Турнирди айылдын 1992-1993-жылкы балдары уюштурушту. Ал балдардын өмүрлөрү узун болсун, ден соолуктары чың болсун, ойлогон ойлоруна жетишсин”, – деген тилегин айтып өттү Маматбекова.

Даярдаган: Кендирбаева Ая
Редактор: Жангабылов Салават
Сынак үчүн