Үч-Коргон: Эки китепканага жаңы эмеректер алынды

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан Достук клубунда эки китепкана жаңы эмеректер жана китептер менен камсыздалды. Бул туурасында китепкана жетекчилери билдиришти.
Достук клубунда жайгашкан эки китепкана 50-76-жылдрдан тарта иштеп келүүдө. Бири чоңдор үчүн болсо, дагы бири кичүү жаштагы окурмандар үчүн ачылган.

_DSC8354Китепкана жетекчиси Хамрожон Умаралиеванын айтымында, жаңы китептер жана журналдар менен толукталганына карабастан кыш мезгилинде суукка байланыштуу окурмандар көп деле келбейт.

_DSC8355«Жаштар үчүн атайын мамлекет тарабынан, айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлүп, ушундай жаңы жабдыктар, китептер алынып келинди. Бүгүнкү күнү жаштар көбү китеп окушпайт. Бул жердин бардык шарты жакшы болгону менен кышында өтө суук болот. Китеп окуганга бир топ ыңгайсыздыктар жаралат. Ошондуктан жаштар бул жерге көп келишпейт», — деп билдирди Умаралиева.

_DSC8352Союз тарап кеткен учурда Үч-Коргон айылында жападан жалгыз ушул китепкана сакталып, ушул күнгө чйин өз ишин улантып келүүдө. Кыштын суугуна карабай жетекчилери бардык китептерди катар номерлерин, санын тактап чыгышкан.

_DSC8353_DSC8359Зарина Тожибоева 11-класстын окуучусу. Анын айтымында, учурда китеп окуунун кажети жок жана интернет булактарынан каалаган маалыматтарды табып окуганга болот.

_DSC8362“Менин оюмча китеп окуган кызыктуу эмес, анткени бизде мүмкүнчүлүк бар интернеттен керектүү маалыматты алсак болот. Китеп окуган учурда өзүмдө чарчоону сезем, ошондуктан көп китеп окубаймын. Чоң атам жана чоң энем ар түрдүү китептерди окуп калышат. Ар кимдин каалосу өз колунда деп ойлоймун”, — деген ойдо Тожибоева.

_DSC8358Айыл тургуну Мавлюда Жолдошева:

_DSC8361— Мен балдарымды китеп окуганга ар дайым чакырамын, бирок бала деген бала экен. Ошондуктан өзүнүн эркине коёмун. Азыр интернет деген бар бирок, китепти да таштап койгон болбойт деп ойлоймун. Биз окуган учурда интернет болгон эмес, азыр биздин айылда жайгашкан Достук клубунда эки китепкана бар, кээде ошол жерге келип китептерди алышып, үйгө алып барып окуп турушат. Бул жердин өзү суук болгондуктан ушунтип окуганга көпчүлүк мажбур болушат.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор