Бактылуу энелердин бири Калия Жумабекова

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Калия Жумабекова сегиз баланын энеси. Ал бүгүнкү 8-март айымдардын эл аралык майрамын балдары менен чогуу, көңүлдүү өткөрүүдө.

Токтоян айылында жалпысынан он бир баатыр эне бар. Алардын бири Калия Жумабекова. Ал эки майрамды, айымдардын майрамын жана туулган күнүн белгилеп жаткан кези. Учурда ал 68 жашка чыкты.

IMG_20170308_175121“Биз жолдошум экөөбүз чогуу жашаганыбызга 50 жылдын жүзү болду. Эки кыз, алты баланы тарбиялап, чоңойттук. Учурда алардын бардыгы үй-жайлуу болуп, өз турмуштары менен алек. Биз кичүү баламдын колундабыз. 2008-жылы өкмөт тарабынан “Баатыр эне” наамын алгам. Ал сыйлыкты алгандан кийин пенсияга 1000 сом акча кошулуп берилип келет”, — деди Жумабекова.

Кичине кезинен Калия Жумабекованын колунда чоңойгон небереси Саламат Талантбеков чоң энесине каалоо-тилегин билдирип өттү.

IMG_20170308_175551

“Мени кичине чагымдан энем тарбиялап, чоңойтту. Ал бизге азыр да өз мээримин берип келет. Энеме абдан ыраазымын жана ал ар дайым биз менен болуп, өз акылы менен дайым бөлүшүп, узун өмүр сүрүүсүн каалайм”, — деди ал.

Даярдаган: Адилия Мундуков
ДО
Сынак үчүн