Чоң-Тогузбайда кыздар арасындагы аймактык волейбол оюну болуп өттү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын спорт сарайында кыздар арасындагы аймактык волейбол оюну болуп өттү. Ага жети айылдын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама командалары катышып, Чоң-Тогузбайдын волейбол командасы 1-орунду алды.

Тасма айылынын командасы 3-орунга, Аралдыкы 2-орунга, ал эми Чоң-Тогузбай айылынын командасы 1-орунга ээ болду.

WhatsApp Image 2017-03-03 at 3.51.47 PM Арал айылынын дене тарбия мугалими Нурбек Маданбековдун ою боюнча, командалар мелдешке жакшы даярданышкан.

WhatsApp Image 2017-03-03 at 3.53.06 PM “Командалардын даярдыктары былтыркыга караганда абдан жакшы. Алты команда келди, мыкты командалар тандалып алынды”, – деп билдирди Маданбеков.

WhatsApp Image 2017-03-03 at 3.53.04 PM Арал командасынын оюнчусу Самара Марксова бул оюнга бир жума даярданганын айтат.

WhatsApp Image 2017-03-03 at 3.56.36 PM “Бизде спорт сарайы болбогон соң кыйынчылыктар жаралды, бирок кыйынчылыктарга карабастан “алга” деген ураан менен жеңишке жетебиз деген үмүт менен келгенбиз”, -деди ал.

Бул оюнга күбө болгон Мээрим Эсенгелдиева:

– Мен Чоң-Тогузбай командасын колдоп келгем. Колдоп келгендер аябагандай көп болду. Мыкты оюнчулар жеңишке жетишип грамоталарга ээ болушту. Командалар татыктуу оюн көрсөтүп, жеңишке жетишишти. Эми жеңишке жеткен команда райондук оюнда да жакшы деңгээлдеги оюн көрсөтүп байгелүү орунга ээ болуп келет деген ишеничтемин.

Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн