Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн.
Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз айылдарынан жаңылыктарды жазып, окурмандарга коомдук тармактар аркылуу сунушташкан.
Сынактын шарттарына ылайык, коомдук тармактарда көп добуш чогулткан материалдардын авторлору жеңүүчү деп табылган. Добуштар «жактыруу», «пикир билдирүү» жана «бөлүшүүлөрдүн» саны менен эсептелип аныкталган.
Бешинчи сынакта төмөнкү айылдардан келип түшкөн жаңылыктардын авторлору жеңүүчү деп табылды. Ар бир айылдан кайсы авторлор, кайсы кабарлары менен смартфонго ээ болгонун сунуштайбыз.
Эскертүү: Добуштардын саны сынак аяктаары менен 2017-жылдын 1-мартында чыгарылган.
1. Андарак (Сары Дөбө)
Карышкырдын сырын билген мергенчи менен маек
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
2. Андарак
Андарактын тургуну күнөсканада эмгектенип, киреше табат
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
3. Баетов
Баетовдо Адилет Карасартовдун элесине арналган турнир башталды
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
4. Терек-Суу
Терек-Сууда окуучу пульт менен иштеген оюнчук машина жасады
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
5. Терек-Суу (Чоң Арык)
Чоң-Арык айылынын жаштары мечитке акчалай жардам беришти
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
6. Учкун
Сүрөт баян: Мектеп окуучусу короздун айкелин муз менен жасады
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
Сынак UNDEF каржылаган «Демократия үчүн жамааттык журналистика» долбоорунун алкагында уюштурулууда.