Чоң-Тогузбайдын кадырлуу аксакалы Шейшенбек ата

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын кадырлуу аксакалдарынын бири Шейшенбек Соокеев 30 жылдан бери агроном болуп иштеп келет. Ал ошондой эле айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы.

“Нур FM” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Шейшенбек атанын үйүнө барып, аны менен маек куруп келишкен.

Шейшенбек Соокеев:

WhatsApp Image 2017-03-02 at 5.14.48 PM– Биздин айылда баардыгы 1200 гектар жер болчу. Кийин трансформация болуп 200 гектарга жакын жер жайытка чыгарылды. Азыркы күндө биздин айылда 700 гектар айдоо аянты бар, анын 210у сугат үлүшкө бөлүнгөн жерлер. Айылдын өзүнүн аянты 70 гектар жерди ээлейт. Буга чейин 50 гектар жер бар болчу, кийин кеңейтүүгө деп айылдын башынан 30 гектар айылдын аягынан дагы беш гектар жер берилип, 70 гектардан ашык жер айыл үчүн бөлүнгөн. 210 гектары сугат жер 490у кайрак жер. Мурунку Ленин комсомол атындагы колхоз, андан кийин Мырза-Белек кооперативи болду, андан кийин Карасаев айыл аймагы болду. Ошол убактарда мен башкы агроном жана үйрөнчүк агроном болуп 30 жылдан ашык эмгектендим.

WhatsApp Image 2017-03-02 at 5.14.34 PM

Ал эми жубайы Бурмакан Таабылдиева жолдошу ага көп колдоо көрсөтүп, жардам бергенин айтат.

WhatsApp Image 2017-03-02 at 5.15.41 PM

– Биздин Шейшен экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 44 жыл болду. Ошонун ичинде алты балалуу болдук, алты неберебиз бар. Балдарыбыздын баардыгын жогорку билимдүү кылдык. Менин ишиме көптөгөн жардамдарды берди, ошонун натыйжасында мен дагы ийгиликтерге жетиштим. Мектепте 30 жылдан ашык мугалим болуп иштедим. Партияга өтүп партиялык кызматта мектептин баштапкы партялык парторг болуп ишетдим. Айылдык кеңешке эки жолу депутат болуп шайландым. Ошол жылдардын ичинде эки орден алдым, ардак белгиси орденин алдым. Учурда ардактуу эс алуудамын, персоналдык пенсионермин. Ошол ишмердик жылдарымдын ичинде Шейшен чоң жардам көрсөткөн. Ал эми өзү бир канча жолу айылдык кеңештин дупутаты болуп шайланды, азыр аксакалдар сотунун төрагасы. ВДНХнын медалы менен сыйланган.

Даярдаган: Айпери Термирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды