Айылдык депутаттар татыктуу шайланды деп ойлойсузбу?

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын депутаттары жакында эле шайланды. Бул боюнча айыл тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Айыл депутаттары татыктуу шайланды деп ойлойсузбу? Эмне үчүн?

Искак Дунганов: менин оюмча, жаңы шайланган депутаттар татыктуу, анткени аларды биз өзүбүз шайладык.

Урмат Шабданбаев: оюмча, шайланган депутаттар татыктуу, алар азырынча иш жүзүндө өздөрүн көрсөтө элек.

IMG-20170129-WA0000

Шабданбаев Эмил: албетте, татыктуу.

Жүтүнова Айгүл: шайлангандардын билимдүүсү, билимсизи деле бар, татыктуу эмес деп ойлойм.

Бөдөнбаев Өсөрбек: өзүбүз шайлагандар татыктуу деп ойлойм.

Даярдаган: Социал уулу Актан
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн