Мектепте аскердик мелдеш өттү

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде буга чейин 16-февралда спорт оюндары боюнча мелдештин биринчи баскычы өткөрүлгөн. 20-февраль күнү ал мелдештин уландысы, аскердик мелдеш өттү.

IMG-20170220-WA0007

Спорт оюндарына катышкан 8-9-10-классынын окуучулары, бул аскердик мелдеште да күч сынашты. Аскердик мелдеште оодарыш, аскерлердин оң-солго басуусу жана медайымдардын биринчи жардамды көрсөтүшү боюнча болду. Бул мелдешке мугалимдерден турган топ калыстык кылды.

20170220_123920IMG-20170220-WA0004IMG-20170220-WA0003

Ашырбай Коёнкөзов мектебинин мугалими, калыстар тобунун мүчөсү Намыс Эгембердиев:

20170220_125914

«Биздин мектепте ушул сыяктуу мелдештер дайым өткөрүлүп келет. Бул мелдеш Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө арналып, негизги максаты — окуучулардын ден соолугун чыңдоо болду. Мелдеште окуучулардын кылган иш-аракеттери, аскерче басуулары абдан өзгөчө болду, алардын мыкты даярданганы көрүнүп турду”, — деп белгиледи өз сөзүндө Эгембердиев.

20170220_120744Буга чейин өткөн спорт оюндары боюнча жана ушул аскердик мелдештин упайлары кошулуп мелдеш жыйынтыкталды. Жыйынтык боюнча 167 балл менен 10-класстын окуучулары 1-орунду, 166 балл менен 9-классынын окуучулары 2-орунду жана 164 балл менен 8-классынын окуучулары 3-орунга ээ болушту.

Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн