Мектепте англис тил жумалыгы болуп өттү

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов атындагы мектептебинде англис тил жумалыгы болуп өттү. Бул жумалыкта мектеп окуучулары ачык сааттарды өтүп, ар кандай сценкаларды коюшту.

IMG-20170218-WA0000Англис тил мугалими Айзада Рыспаева:

IMG-20170218-WA0001

“Биз жылыга ушул жумалыкта конкурстарды жарыялап, ачык сааттарды өтөбүз. Ачык сааттарда ар кандай сценкалар коюп, кызыктуу өтөбүз. Бул жумалыктын негизиги максаты — окуучуларды англис тилине кызыктыруу. Эң кубанычтуусу окуучулар англис тилине жылдан жылга кызыгып, жумалыкка активдүү катышып жатышат”, — деп билдирди Рыспаева.

IMG-20170218-WA00086-класста окуган Шайыков Ахмет «Бул жумалыкта классыбыз менен оюн аркылуу англис тилине кызыгуубузду билдирдик. Бул сабак абдан кызыктуу болду” деди.

IMG-20170218-WA0011Даярдагандар: Рүстөмова Бермет, Нурланов Канат
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн