Токтояндын чебер устасы Турдубек Чымыров

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Турдубек Чымыров музыкалык аспаптарын өз колу менен жасап келет. Ал өмүрүнүн чейрек кылымын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде музыка сабагынын мугалими болуп өткөргөн.

20170214_145940Чымыров музыкалык  аспаптарды: комуз, кыл кыяк, добулбас, шылдырак жана башка аспаптарды өзү жасайт. Бул кесип менен алектенгенине он жылдын жүзү болду. Учурда ал Токтоян айылындагы маданият үйүн жетектейт.

“Мен Коёнкөзов мектебинде музыка сабагынан мугалим болуп турган учурда биздин мектепте аспаптар өтө эле аз, жетишсиз болчу. Ошол себептен аспаптарды жасоо колуман келерине ишенип, Семёновка айылындагы Келчинбаев Орозобай атту кишиден кантип жасаларын көрүп, үйрөнгөм. Эң алгачкы аспабым өрүктөн чабылган комуз эле. Ал эми учурда өзүмө гана жасабастан, башка жактан келген кардарлар да бар. Материалдары даяр болсо бир аспапты жасоо үчүн он күндөй талап кылынып, он миңдин тегерегиндеги акчага сатам”, — деди Чымыров.

Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн