«Мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагы  

1560

Новый рисунок (1)Новый рисунок

 

 

«Клооп Медиа» коомдук фонду Кыргызстандагы жамааттык мультимедиа борборлорунун ыктыярчы-кабарчыларынын арасында «мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагын жарыялайт.

Сынакта ар апта сайын «Мыкты макала» жана «Мыкты сүрөт» аныкталып турат. Сынакка материалдар дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин (иш күндөрү) кабыл алынат жана ал үчүн «Мыкты макала сынагына», «Мыкты сүрөт сынагына» деген белгилер коюлуп, kyrgyzmedia.com сайтына чыгарылышы керек.


2017-жылдын январь айындагы сынактын жүрүшү төмөндөгүчө:

  • 9-13-январь — сынакка материалдарды кабыл алуу. Бул аптанын жыйынтыгы 16-январда чыгарылат;
  • 16-20-январь — сынакка материалдарды кабыл алуу. Бул аптанын жыйынтыгы 23-январда чыгарылат;
  • 23-27-январь — сынакка материалдарды кабыл алуу. Бул аптанын жыйынтыгы 30-январда чыгарылат.

«Мыкты макала» сынагынын эрежелери жана байгеси:

  1. Материалдар айыл ичиндеги (же бир айыл аймагындагы) окуялар боюнча жазылышы керек;
  2. Материалдар сүрөт, текст жана аудио менен коштолушу керек:
    • Тема боюнча 2-3 сүрөт;
    • Жаңылыктын мазмунун ачып берген текст (тең салмактуулук жана тактык көзөмөлдөнүшү керек);
    • Материалдын 2-3 мүнөттүк аудио версиясы;
  3. Бул эрежелерге туура келбеген материалдар сынакка кабыл алынбайт;
  4. Бир автор бирден көп материал менен сынакка катыша алат;
  5. «Мыкты макала» коомдук тармактардагы «пикирлер», «бөлүшүүлөр» жана «жактыруулар» менен аныкталат;
  6. Эң көп упай чогулткан бир материал жеңүүчү деп табылат;
  7. «Мыкты макаланын» байгеси 400 сом (телефонго бирдик түрүндө берилет).

«Мыкты сүрөт» сынагынын эрежелери жана байгеси:

  1. Сүрөт айыл ичиндеги (же бир айыл аймагындагы) адамдар, жашоо-турмуш, жерлер же окуялар боюнча тартылышы керек;
  2. Сүрөткө тиешеси бар адам менен маек куруп, 3-5 сүйлөм менен сүрөттөгү окуя боюнча кыскача баяндоо жазылышы керек;
  3. Сүрөттүн сапаты жана оригиналдуулугу эске алынат;
  4. Бул эрежелерге туура келбеген материалдар сынакка кабыл алынбайт;
  5. «Мыкты сүрөт» коомдук тармактардагы «пикирлер», «бөлүшүүлөр» жана «жактыруулар» менен аныкталат;
  6. Эң көп упай чогулткан бир материал жеңүүчү деп табылат;
  7. «Мыкты сүрөттүн» байгеси 100 сом (телефонго бирдик түрүндө берилет).

Кошумча суроолор үчүн байланыш:

Элмурат Аширалиев
«Клооп Медиа» коомдук фондунун координатору жана редактору
aelmurat@kloop.kg
+996 777 932 980