Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2», 2016-жылы уюштурган «Кыш-1», «Жаз-1» жана «Жаз-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн.
Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август+кошумча убакыт) аралыгында сынак үчүн өз айылдарынан жаңылыктарды жазып, окурмандарга коомдук тармактар аркылуу сунушташкан.
Сынактын шарттарына ылайык, коомдук тармактарда көп добуш чогулткан материалдардын авторлору жеңүүчү деп табылган. Добуштар «жактыруу», «пикир билдирүү» жана «бөлүшүүлөрдүн» саны менен эсептелип аныкталган.
Бешинчи сынакта төмөнкү айылдардан келип түшкөн жаңылыктардын авторлору жеңүүчү деп табылды. Ар бир айылдан кайсы авторлор, кайсы кабарлары менен смартфонго ээ болгонун сунуштайбыз.
Эскертүү: Добуштардын саны сынак аяктаары менен 2017-жылдын 1-январында чыгарылган.
1. Андарак
Андарактын тургуну карышкыр багат
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
2. Баетов
Баетовдо көчө китепканасы ачылды
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
3. Бакай-Ата (Күз-2)
Бакай-Ата: Ленин атындагы орто мектебинде күнөскана курулууда
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
4. Бакай-Ата (Жаз-1)
Ташчайнар учурда Бакай-Ата айылында
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
5. Кызыл-Булак
Кызыл-Булактын окуучулары «Карек» кинофестивалында «Мыкты актриса» наамына ээ болду
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
6. Тасма
Карасаев айыл аймагына ФАО уюму тарабынан техника жана малдар берилди
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
7. Терек-Суу
Терек-Сууда окуучулар жашоочуларды тазалыкка чакырды
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
8. Токтоян
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
9. Учкун (Кыш-1)
Катышуучу баяны: Республикалык «Жоокер ыры» сынагында 1-орунду кантип багынттым?
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
10. Учкун (Жаз-2)
Учкун: 105-күзүн тосуп жаткан Анипа апа
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
11. Үч-Коргон
Кызыл-Кыя шаарында спорт комплекси курулду
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
Сынак UNDEF каржылаган «Демократия үчүн жамааттык журналистика» долбоорунун алкагында уюштурулууда.