Кара-Чий де мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам көрсөтүлдү

Кара-Чий айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинде, 3-декабрь «Майыптар күнүнө» карата мүмүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам көрсөтүлдү жана «Жаныңдагыларга жардам бер!!!» аттуу сүрөт көгөзмөсү болду.

img_0077

Бул туралуу М.Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Айзада Байсалова буларга токтолду:

«Окуучулар өздөрүнөн ашкан ар кандай буюм-тайым, оюнчук, кийим-кечелерди жардам катары алып келип беришти. Жана ошондой эле сүрөт көргөзмөсү башталгыч класстар үчүн уюштурулган, ал эми жогорку класстын окуучуларына мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык жактан жардам берүү тапшырмасы берилген»

img_0091

Жана ошондой эле мектептин соц-педагогу Элзат Сыдыкова өз оюн мындайча билдирди:

«Биздин окуучуларыбызга Кара-Чий айылынын атуулу Жолдошбек Токторалиев  тарабынан жардам көрсөтүлүп, 11 окуучуга 5500 сом өлчөмүндөгү белектер тапшырылды.»

img_0074

Белгилей кетсек «Жаныңдагыларга жардам бер!!!» аттуу конкурстун жыйнтыгында 1-2-3-орундарга мактоо бракчалары жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков