Кара-Чийде “Кыз-жигиттин сармерден” оюну болду

Тарых жана маданият жылына карата “Кыз-жигиттин сармерден” оюну 2016-жылдын 8-октябрында болуп өттү. Бул иш чара 9-класстын окуучу кыздары жана 10-класстын окуучу балдарынын катышуусунда болду.

Бул тууралуу сармердендин алып баруучусу Адилет Курманбеков буларга токтолду:

“М.Иманалиев атындагы орто мектебинде жакшы саамалык болду. 10-класстын балдары жана 9-класстын кыздары болуп “Кыз-жигиттин сармерден” оюнун уюштурганбыз. Бул оюн көрүүчүлөргө дагы бизге дагы абдан жакты.”

img_0005

Жана шондой эле 9-класстын окуучусу сармерден оюнунун катышуучусу Аида Токтомуш кызы өз оюн мындайча билдирди:

img_0013

“Бул оюнда биз ырларды ырдап, макал-лакаптарды айтышып, бири-бирибизге табышмактарды жашырыштык. Анан албетте кыргыздын улуттук бийлери да бийлениди. Бул оюнубуз абдан кызыктуу болду десем жаңылышпайм.”

img_0010

Белгилей кетсек эки команда калыстар тобунун чечими менен 3:3 эсебинде тең чыгышты.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков