Кызыл-Кыяда шайлоого карата даярдыктар жыйынтыкталды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарындагы  №8154 шайлоо участогунда болуп, ал жердеги даярдыктар менен таанышты.

Кызыл-Кыя шаарында жалпы жергиликтүү кеңешке 31 адам талапкерлигин койгон. Бул туурасында шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев билдирди.

dsc0187

“11-декабрда өткөрүлүүчу шайлоого карата шаардагы 19 шайлоо участогу бүгүнкү күнү даяр. Жылытуу жактары жана башка керектүү жабдыктар өз ордунда. Бүгүн атайын Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич келип аймактардагы учатокторду кыдырып, тапшырмаларын берди”, – деп билдирди Топчубаев.

№8154-шайлоо участогунун комиссия төрагасы Валижан Нуралиев референдум жана жергиликтүү бийликке депутаттарды шайлоого карата даярдыктар боюнча маалымат берип өттү.

dsc0177

“Участка боюнча жалпы 1300 шайлоочу болуп, азырда тизме боюнча тактап жатабыз шайлоого толугу менен даярбыз. Бөлмөнүн температурасы 18 градустан төмөн болгону жок. Урналарды да күн ара текшерүүдөбүз. Коопсуздук маселелери да каралып, атайын ички иштер органдарынын өкүлдөрү көзөмөл жүргүзүшүүдө”, – деди Нуралиев.

dsc0159-1

dsc0189

Жолугушуунун соңунда губернатор Абиш Халмурзаев Баткен облусу боюнча участокторду текшерип, шайлоого карата даярдыктар менен танышты. Тийиштүү органдарга сунуш жана тапшырмаларды берип, шаар бийлигинин ишине ийгиликтерди каалады.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сынак үчүн
КМ