Үч-Коргондо тарых музейи ачылды

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинде «Асыл мурас» тарыхый музейи ачылды. Бул тууралуу мектеп директору Кумрухон Абдуразакова билдирди.

Мектеп директорунун айтымында, ачылыш аземине район акими Акрам Мадумаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Гайбуллаев, ШИИБдин башчысы Жигитали Дубанаев, Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахмаджон Абдурахманов, өрт өчүрүүчүлөр, аймактагы мектептердин директорлору, Майдан, А.Масалиев, Үч-Коргон айылдарындагы мектептердин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары, Үч-Коргон аймагынын ар кандай тармактарында эмгектенип жаткан өкүлдөр катышышкан.

135991-bbea568e15870c59cc85892fcadc68e6Иш чаранын жүрүшүндө аталган мектептин 11-классынын окуучулары музейдеги ар бир буюмдун тарыхы жөнүндө маалымат беришти.

_dsc0068Аталган салтанатта Кадамжайдын акими Акрам Мадумаров музей жөнүндө ой-пикирин айтып, мектеп администрациясына жана мугалимдер жамаатына өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

_dsc0076Музейде 500дөн ашуун экспонаттар бар. Алар: ата-бабалардын жашоо-тиричилигинде, күнүмдүк турмушунда колдонгон буюмдар, кийимдер.

_dsc0071Бул музей 2016-жыл «Тарых жана маданият» жылына карата келечек муундарга мурас болуп, бай тарыхты кийинкилерге жеткирүү максатында мектептин директорунун демилгеси менен ачылган.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Суроттун автору: Абдулкалил уулу Эмил
Сынак үчүн
КМ