«Үч-Коргон» маалымат бюллетени иштей баштады

Кадамжай районуна караштуу Үч-коргон айылында маалымат бюллетенине суроо-талап жогорулоодо. Бул туралуу айыл тургундары билдиришти.

Үч-Коргон айылында улуу муундагы аталар жана апалар интернетти толук пайдаланууну өздөштүрбөгөндүгүнө байланыштуу «Үч-Коргон» мультимедиа борборунун эмгек жамаатынын долбоорунун алкагында айыл жаңылыктары интернетке чыгуу менен катар маалымат баракчалары түрүндө да чыгарылып элге таратылууда.

_dsc0094Үч-Коргондун тургуну айылда болуп жаткан жаңылыктар атайын маалымат баракчасына чыгарылып жатканына кубанганын айтып, жамааттык мультимедиа борборунун ишине ийгиликтерди каалады.

_dsc0105“Мен аябай кубанычтамын. Эми айыл жаңылыктарын ушунтип атайын маалымат баракчаларында көрүп турабыз. Бул жаңылыктарда биздин бир туугандарыбыз да бар экендиги бизди абдан кубантырды. Жалпы ЖМБнын ишине ийгилик каалап, мындан ары да элдин кызматында болушун тилеп кетем”, — деген айыл тургуну.

_dsc0104Жакынкы күндөрдө Үч-Коргон айылына кошумча коңушулаш Кызыл-Кыя шаарындагы болуп жаткан жаңылыктар да жарыяланып, маалымат баракчалары шаардын тургундарына таратылуусу күтүлүүдө. Бул туурасында ЖМБнын координатору Атабек Арипов билдирди.

_dsc0101“Биздин аткарып жаткан иштерибизге элдер абдан ыразы болушууда. Өзүңүздөргө белгилүү биз бир эки айдан бери Кызыл-Кыя шаарындагы жаңылыктарды да атайын сайтыбызга чагылдырып баруудабыз. Алгачкы жолу маалымат баракчалары  таратылып, элдердин пикири биз күткөндөн да жакшы болуп, суроо талаптары жогору болууда”, -деди Арипов.

_dsc0097

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор.
Сынак үчүн
КМ