Үч-Коргондо шайлоого карата даярдыктар көрүлүүдө

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 2016-жылдын 11-декабрында өтө турган жергиликтү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга карата бардык шайлоо участкалары даяр. Бул туурасында Үч-Коргон айыл өкмөт башчысынын орун басары Мастура Камбарова билдирди.

Үч-Коргон айылдык кеңешине 31 депутат шайланышы керек. Ал үчүн 76 талапкер ат салышууда. Жалпы Үч-Коргон айыл аймагында 16208 шайлоочу бар.

_dsc0088“11-декабрда өткөрүлүүчү шайлоого карата белгиленген участкалар кошумча жарык жана жылытуучу жабдыктар менен камсыздалган.  Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы Абдурахманов Ахмаджан жеке өзү шайлоонун чынчылдык менен адилеттүү өтүшүн көзөмөлгө алаган. Бул боюнча керектүү адистерге тапшырмаларды берген”, – деп билдирди Камбарова.

_dsc0079Үч-Коргон айыл аймагында 10 шайлоо участкасы болсо, анын тогузу мектептке, бири  балдар бакчасында жайгашкан. Алардын бардыгында шайлоо өткөрүү үчүн керектүү эмерек жана жабдыктар орнотулган.

_dsc0082

Шайлоо күнү добуш берүүчүлөргө эки бюллетень берилип, бири референдум үчүн экинчиси депутаттарды шайлоого берилет.

Дайардаган: Абдурахманова Гулбахар 
Сүрөттүн автору: Алижан уулу Дөөлөтбек
Сынак үчүн
КМ