Жал айылынын тургундары кышка даярданууда

726

Учурда айылдын тургундары кышка даярданып жатышат. Жал жамааттык мультимедия борборунун корреспонденттери айыл тургундарынын кышка даярдыктары тууралуу сурамжылоо жүргүзүштү.

Бурмакан эже жемиштерден салаттарды, вареньелерди жасады. Даярдыкка Бурмакан эженин Орусияда иштеген уулу жардам берди.

img_1635

img_1561

«Кышкыга даярданып малинадан, сливадан, карагаттан [варенье] жасадык. Компотту алмадан, сливадан даярдадык. Жерге түшкөн алмаларды как кылдык. Быйылкы кыш жеңил болот окшойт, суук деле болгон жок. Жай начар болуп калды, жаанчыл болуп калды. Картошкага эле жакшы болду окшойт», — деди Бурмакан Сыдыкова.

img_1654

Аида Сакебаева келе жаткан суук мезгилге жакшы кам көрүп алдым деп ойлойт.

«Быйыл кыш суук болот деп жатышат. Ага карап дагы салат, варенье, компотторду жаптык. Көмүр, отун алып алдык. Ошол үчүн варенье, компоттун баарын жасап жатпайбызбы», — дейт Сакебаева.

Жал айылын дагы бир тургуну Алтынай эже быйылкы кышка кошуналары менен даярданды.

img_1665

«Суугун азыр эле көрсөтө баштабадыбы. [Жашылча-жемиш] өстүргөндө суу кенен болуш керек экен, бул шаар чөлкөмү болгондуктан суу жетишпейт экен. Кышка даярдык жакшы, жакында көмүр алабыз», — деди Алтынай Жапарова.

Нургул Узакбаева бул кышка толугу менен даяр десе болот, бир гана көмүр алыш керек дейт.

img_1556

«Быйыл даярдык жакшы, бардыгы өз короомдон. Бардыгы: кышта даярдалуучу нерселер вареньелер, приправалар, салаттар, компоттор дегендей. Даярдык бар, отундар даяр, көмүрдү кийинчирээк алабыз. Аба ырайы боюнча кыш суук болот экен», — деп бөлүштү Нургул эже.

Даярдагандар: Альбина Нурбек кызы, Азамат Кубанычбек уулу, Мырзайым Кубатбек кызы.