Пенсионерлердин каржылык сабаттуулугу кандай?

235

Айыл жергесинде калктын басымдуу бөлүгүн пенсионерлер ээлейт. Алардын негизги каржы булагы болуп мамлекеттен алган пенсиясы эсептелет. Айылдык пенсионерлер алган акчасын кантип туура пайдаланышат мына ушул тууралуу бугун сөз кылмакчыбыз.

      Пенсионерлердин каржылык сабаттуулугу кандай?

1995-жылдан бери пенсия алам деген Мырзабүбү апа пенсиясын кайсы муктаждыктарга жумшаарын айтып берди:

«Пенсиямды үйгө, неберелерим окуйт, кээ бир учурда алардын кийимкечесине жумшайм. Акчаны пайдалануу бул күнүмдүк жашоого кеткен акча, үнөмдөгөнүн ошо да, ар бир айда акчамды эмнеге коротойун дейсиң».

img_6572

Айыл тургуну Тыныстан Солтогулов, алган пенсиясы аз болгондуктан муктаждыктарга жетпейт, чогултканга да болбойт деген ойдо:

«Пенсиямды өзүмдүн муктаждыктарыма эле коротом, үй оокатка, турмуш тиричиликке, тамак-ашка, алыш-бериш деген болот ошолорго коротом. Бирок анын баарына жетпейт, мал чарбачылык деген бар, алар кошумча киреше болуп эсептелет, Пенсияны чогултууга болбойт, бизнеси бар адамдар чогултса болот, биздин пенсия негизинен аз да».

img_6568

Жергиликтүү банк адиси Махабат Жумалиева пенсионерлер үчүн каржыны кантип туура сактап, кантип колдонсо болоору тууралуу кенешин айтып өттү:

«Биз техниканын өнүккөн заманында жашап жатабыз, ошону менен бирге кылмыштуулук да артта калган жок. Үй шартында пенсияларды сактоого, дегеле акча сактоого мүмкүнчүлүк жок, себеби үйлөрдүн бардыгы эле темир торлор менен капталган эмес, сейф жок, дарбазалары жок. Биздин айылда бардык пенсионерлер эле почтадан алышат, азыр бул абдан кооптуу, эгерде пенсионерлер банк аркылуу алса, бул кооптуу эмес, тартип менен видекөзөмөл менен берилет. комиссия кармалбайт, мисалы банкка которгондон кийин, депозит ачып койсо болот, пенсиясынын кайсы бир бөлүгүн депозитке чогулта берет, андан тышкары неберелерине да депозит ачса болот. Анан дагы пенсионерлер кредит алышат, алар үчүн да женилдиктер бар, мисалы,пенсиясынын кредитке тиешелүү бөлүгү ай сайын которула берет».

Даярдаган: Анарбек Калдыков, Зыйнат Самарбекова