Муса Баетов мектебинде карылар күнү белгиленди

Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде карылар күнү белгиленди. Ага мектеп окуучулары, мугалимдер, мектеп администрациясы катышты.

img-20161004-wa0023

Мектеп окуучулары “Карыларды кадырлайбыз” деген теманын алдында Үгүт айылындагы карыялар үчүн жолугушуу уюштурушуп, ал концерттик программа менен коштолду.

img-20161004-wa0024

Окуучулар куттуктоолорун айтып, белектерин тапшырышты. Мектеп директору  С. Абдраева карыяларды майрамы менен куттуктап, ден соолук каалады. Ошондой эле бул иш чараны уюштурууда мектеп окуучулары Абдымалик кызы А., Тынчтыкбек уулу Э., Анарбек к. Гулбарчын, Т. Жээнбекова жана К. Эркибековалар жигердүүлүгүн көрсөтүштү. Келген меймандар окуучуларга ырахмат айтып, бата беришти.

Даярдаган: Чынара Акималиева
Редактору: Адина Айылчиева
Сынак үчүн