Мектеп окуучулары каржылык жактан сабаттуу болгусу келет

384

Адистердин айтымында, балдар кичине чагынан баштап, акча деген эмне жана ал акча кандай жол менен табылып, кандай сарпталышы керектигин үйрөнүшү керек. Бул алардын келечегине карай салынган жол деп айтышат.

5-класстын окуучусу Байтур Кадыржанов акчаны кандай түшүнөөрүн жана акчанын жашоодогу мааниси тууралуу мындай жооп берди:

«Акча деген менин оюмча бул баалуу кагаз. Акчаны биздин атаэнелерибиз иштеп табышат. Ата- энем мага кээде акча беришет. Мен аны анча деле сарптабайм, копилкага салам. Атам айткан копилканар толгондо банкка салабыз деп. Менин карындашым бар, ал дагы копилкага салып чогултат. Кийин банкта акчабыз көбөйүп керегибизге жарайт.»

img_6757

Албетте, ар бир эле ата- эне балдарына бир гана нерсе берууну каалайт.  Ал  балдары учун келечекте бактылуу, кам корулгон жашоо. Ошол  учун ата-эне колунан келген бардык иш-аракеттерин  жумшап, каржылык кенеш берип жана оздорунун ийгиликтуу мисалдарын келтиришет. Айыл тургуну Сайрагул Маланова балдардын каржылык сабаттуулугу тууралуу буларга токтолду:

«Менин балдарым копилка чогултушат, ошол акчаны өздөрүнө коротушат. Күнүгө 50-100 сомдон акча чыгарып берип турам, дептер, ручкасына коротушат. Каникул учурунда кыздарым иштешет, өздөрүнүн кийимине акча чогултушат.  Акчаны туура пайдаланганды билишет, ашыкча сарптабайт, мен дагы айтып турам кантип акчаны туура колдонуу керектигин.»

img_6786

11-класстын окуучу су каржылык сабаттуулук  боюнча оюн мындайча билдирди:

«Мен Рустанбеков Азирет.11-класстын окуучусумун. Каржылык сабаттуулук деп- адам тапкан акчасын туура жолго пайдалануу деп түшүнөм. Окуучуларга да каржылык сабаттуулук керек, анткени ар бир адам акчаны туура пайдаланганды үйрөнүш керек.»

Банк адиси махабат Керимбаева балдардын келечеги үчүн акчаны үйдөгү кутучада чогултпастан, банкка салып чогултуу ишенимдүү жана келечектүү дейт:

«Азыр балдардын келечеги үчүн, «Келечектеги миллионер» деген депозит бар. 14 жашка чыккан баланын атына банктан эсеп ачасыздар, анан айына 10 сомдон кем эмес акча салып туруш керек жана ал эсептен акча ала албайт. Бала 18 жашка чыкканда бала өзү акчаны алып колдоно алат. »

Үй -бүлөдө акчанын жетиштүү болушу  баланын келечектеги бактылуу жашоосуна кепилдик бере албайт. Ал эми балдарга каржылык билим берүү алардын келечегине карай ишенимдүү кадам.

      bald-karzh-sabat_suusamyr