Каржылык сабаттуулук жаш-карыга бирдей керек

Каржылык сабаттуулук – бул финансылык институттар жана алар тарабынан  сунушталган продуктылар жөнүндө, ошондой эле өз иш аракеттеринин натыйжасына туура баа берүү менен муктаждык келип чыккан учурда аларды пайдалана билүү болуп саналат.

      Каржылык сабаттуулук жаш-карыга бирдей керек

Учурда жашпы карыбы-айыл жеринде каржылык сабаттуулук боюнча маалыматтарга муктаж болуп турган чагы. Албетте бул маселеге мамлекеттик денгээлде көңүл бурулса жакшы жыйынтык берери шексиз. Баетов айылынын тургуну Айжамал Ибраимова  айыл жеринде пенсионерлер каражатты туура пайдаланбаганыбыз үчүн пенсиябыз кээде айдан-айга жетпей калат дейт

20161003_143329

Пенсиямды   өзүмдүн жакшылыктарыма,тойлорго жумшайм. Неберелериме керектейм. Керектөөнү да биз пландоонун негизинде жүргүзүшүбүз керек  экен. Ашыкча жумшап коюп, айдан айга пенсиябыз жетпей деле калып жатпайбы.  Ошол үчүн каржылык сабаттуулук бизге керек. Пенсионерлердин ичинен кредит алып алып төлөй албай жүргөн учурлар да болуп жатат. Негизи бул каржылык сабаттуулук кары-жаш дебей керек экен.

Айылда атайын пенсионерлер үчүн   каржылык сабаттуулугун жогорулатууга байланышкан   кандайдыр бир иш чараларды өткөрүп, билим берүү мүмкүндүгү жок. Бирок  Ал эми Ак-Талаа райондук казына бөлүмүнүн башчысы  Жылтыров Улан  каражатты пайдалануу боюнча социалдык фондго документ тапшырып жаткан учурда  адистер кенеш  берсе деген ойдо.

20161003_142618

Акча каражаттарын кандай жумшоо, пайдалануу керек?  Мына ушунун баарына каржылык сабаттуулук керек.  Бул боюнча окутуп үйрөтүш керек. Эми пенсионерлердин   сабаттуулугун жоюш баарын чогултуп, окутуу мумкүн эмес.   Менин оюм-пенсияга чыгып, соц.фондго документ тапшырып жатканда адистер  акчаны пайдалануу боюнча кеп-кеңеш берсе.

Жарандар  жаш курагы келгенде мамлекеттик камсыздандыруу аркылуу пенсияга  чыгып, тиешелүү суммадагы акча  каражаты чектелери баарыбызга маалым. Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын   башчысы Анархан Жээнчороевна   биз иштеп тапкан акчаны  бөлүштүрөбүз. Пенсияны туура пайдалануу  гана  керек деп ойлойт.

20161003_144902

КРнын мамлекеттик  пенсиялык камсыздандыруу деген мыйзам бар.  Мыйзамдын негизинде аял кишинин 20 жыл иштеп тапкан акчасын пенсияга бөлөбүз. Эркектердин  25 жыл тапкан акчасын айландырып, пенсия кылып беребиз.Ошондо орто эсеп менен 3200-3800 сомдун тегерегинде акча чыгат. Анан пенсияга чыккандан кийин ар бир адам акчаны экономдоп пайдаланышы керек.

Адам баласынын күнүмдүк  жашоосунда  акча каражат маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан аны туура пайдалануу, каржылык сабаттуулукту жогорулатуу дагы ар жаран үчүн маанилүү болуусу керек.

Даярдаган: Г. Мамытбекова