Жал: Райондун аймагындагы таланттуу акын Адашбек Ажыгулов

 

Жал айылынын атуулу акын Адашбек Ажыгулов 15 жашынан баштап ыр жаза баштаган. Учурда Сокулук районундагы элге көрүнүктүү акындардын бири.

Акындын чыгармачылыгы 9-классынан башталган, анын биринчи ыры “Энеме” деген аталышта болгон. Бул ыр саптары басма бетине эң алгачкылардан болуп, 1962-жылы 5-декабрда “Кыргызстан пионери” деген гезитке жарыяланган.

лш

Кийин 1971-жылы биринчи ырлар жыйнагы “Жүрөктөгү гүлдөрүм” деген аталышта чыккан. Мындан тышкары 2005-жылы “Кымгуут дүйнө” экинчи китеби жарык көргөн.

р

Учурда бир томдон турган “Айдарым жел” китеби басмаканада жазылып жатат. Буга белгилүү ишмер Аскар Салымбеков демөөчүлук кылаарын айткан. Жазылып анан басылып чыга элек, төрт том боло турган ырлары да бар, алардын арасында кара сөз менен жазылган чакан чыгармаларын чыгара албай келет.

к

Чыгармачылык дүйнөсүндө көптөгөн конкурстарга катышкан.Ушул эле Сокулук районун Шалта айылында туулган аймакта талантту акын Какен Алмазбековдун 80 жылдыгына арналган ыр-сынакка акын “ Койнуңду ач, келечек!” ыры менен катышып биринчи орунду ээлеп, 3000 сом сыйлык алган.

ф

 

р

Ошондой эле Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган ыр-сынакка катышкан. Башка дагы көптөгөн сынактарга катышып грамоталарга ээ болгон. Ошол ырлары гезит беттерине жарыяланып келет.

20160331_153342

Акын Адашбек Ажыгулов ырлары ар кайсы темада жазылган. Башка акындардай эле эл,жер, табият, энелер жөнундө , балылык, ошондой эле белгилүү чыгармачыл адамдарга арнаган ырлары бар. Ырларынын ичинен эки ырына обон жазылып, ырдалып жүрөт. Алардын арасында мыскыл тамаша ырлары да кездешет. “ Ичкич менен иттин кайым айтышы”, “Мендеги сапат”,”Карт бойдок минтип ой кылат” деген чыгармаларды жазган.

Адашбек Ажыгулов акын

рпрпрп

“Мен бала кезде китепке абдан кызыкчумун. Менин эң биринчи окуп бүткөн китебим 3-класста окуп жүргөндө “Сокур мышыка кат”деген повест болчу. Ошону окуп бүтүп, бир тоону ашкандай болгом. Анан ошонун негизинде китепке абдан кызыгып, китепти казып окуп, мен окубаган мектепте китеп калбай калган. Анан биздин китепканачы  эжебиз бар эле, анын текчесинде калың китеп турчу, бир гана ошол китепти окуй элек болчумун, бер десем бербейт, аны бирөөолөрдөн суратып алып окудум. Ал “Миң бир түн” деген китеп экен. Ошентип ошол мектепте канча китеп болсо бүтүн баарын окуп чыккам. Шаарга чачым алдырганы барчу элем, анан апам акча берет,муну чачың алдырасын, калганын тамак ич курсагынды тойгуз деп. Чачымды алдырам да,тамакты ичпейм,калган акчанын баардыгына китеп алам. Китептин аркасынан сайа түшүп, анан ошо китептин тааасиринен кызыгып калганмын ыр дүйнөсунө. Айтарым талантты тапташ керек, ал үчүн бычак курчуткандай эле китеп көп окуш керек. А бирок тукумубузда ыр жазган таланттар жок” –деди ал.

Аталган акын окуган китептеринин баарын сактап койгон.Китептер ар кандай темада проза да бар, алар неберелеринин бирөөнө кереги тийип калаар деп сактап келет. Өзүнүн кесиби боюнса куруучу, мындан улам Кыргызстандын көп жерин кыдырган. Ортодон беш жыл Жал айылынын мектебинде китепканачы  да болуп иштеген.

Учурда Адашбек Ажыгулов 70 жашта, үй-булөөлү, алты бала,он эки небере,эки чөбөрөсү бар. Жубайы Чынара Юсупова.   Жал айылынын мектебинде 45 жыл математик мугалими болуп иштеген.

Автор: Курсантбек кызы Айдай