Тасма: География сабагынан сынак болуп өттү

Түп районундагы Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинде география сабагы боюнча таймаш болуп өттү. Бул таймашка 7-а жана б класстары катышып, баардык өткөн темалар боюнча өздөрүнүн билимин сынашты.

20160325_131032
Сынакты уюштурган география мугалими Ороз Садабаев төмөнкүлөргө токтолду.

«Эки класстын даярдыгын өтө жогору деп эсептебейм, бирок окуучулар көп нерсени билип алышты. Сынактын жүрүшүндө катачылыктар кетти, себеби алар жакшы даярданышкан эмес, берилген суроолордун жооптору туура эмес болуп жатты. Бирок кийинкиде кетирген катачылыктарын оңдойт деп ойлойм. Сынакка катышып окуучулар мелдешүүнүн жолдорун, өзлөрүнүн оюн, билгендерин кенен айтууга үйрөнүштү», — деди Садабаев.

?

Калыстар тобунун мүчөсү, Асан Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытов окуучулар талапка жооп бергидей даярданган эмес, деген оюн билдирди.

«Себеби бул жерде 7-а класстын окуучулары акыркында өз ара бири-бирине суроо беришмек, ал суроолорду даярдашкан эмес. Жана берилген суроолордун жообу да так эмес, ошол себеп менен сынактын жүрүшүн ортоңку деңгээлде өттү деп эсептейм», — деген пикирин айтты мектеп директору.

Таймаштын катышуучусу Элтуран Акенов болуп өткөн сынак жаккандыгын айтат.

?

«Биз бул таймашка 3-4 күн даярдандык, абдан шаңдуу болду. Менде сахнага чыгууда толкундоолор болгон жок, себеби мен чоң сахнага чыгып жүрүп көнүп калгам. Сынакта билбеген нерселерибиздин баардыгын үйрөнүп алдык. Көрүүчүлөргө да таасир калды деп ойлойм», — деди Элтуран.

Даярдаган:Жазира Дүйшөн кызы

Сынак үчүн

АА