Ак-Чалдагы футбол аянтчасынын курулушу каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп турат

Ноокат районунун Ак-Чал айылында бир жыл мурда башталган футбол аянтчасы жарым жартылай курулушу менен токтоп турат.

Бул тууралуу айылдын демилгелүү тобунун мүчөсү Абсатар Эшенбаев билдирди.

20160318_131326[1]

Анын айтымында, 2015-жылдын март айында жаштар демилгеси менен футбол аянтчасы курула баштаган. Курулуш иштерине 60 миң сом айыл тургундары тарабынан топтолгон. Ошондой эле Орусияда иштеп жүргөн айылдык балдар 60 миң рубль салым кошкон жана Кулатов айыл аймагы тарабынан 160 миң сом бөлүнгөн.

20160318_125611[1]

Бирок дагы 80 миң сомдой каражаттын жетишсиздигинен улам курулуш жарым жылдан бери токтоп турат.

20160318_125723[1]

Учурда Ак-Чал айылында аянтча жок болгондуктан футболго кызыккан балдар башка айылдарга барып ойноп келүүдө.

20160318_132408[1]

Акчал айылында 3000ден ашуун адам жашайт. Мектеп окуучуларынын саны 600дөн ашыкты түзөт.

Автор: Марлен Жамалов, Айкынбек Дарбишов.