Нышанов мектебинде «Кана эмесе кыздар» сынагы болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «Кана эмесе кыздар» аттуу класстар аралык сынак болуп өттү. Бул сынакка 9-10-11- класстан бештен кыз катышышты.

20160307_113440-300x169

Катышуучулар өздөрүнө ат коюп, алты команда болду. Бул сынакта кыздар ата-энелерди, эжекелерди куттукташты. Сынакта беш программа коюлду: саламдашуу, көркөм окуу, кыргыз бийи, клип аткаруу жана суроо жооп.

Кыздарды калыстар тобу баалап отурушту. Күйөрмандар да кызуу колдоп жатышты. Конкурстун жүрүшү үч саатка уланды.

20160307_113817-300x169

Жыйынтыгында 11-б классы 1-орунду, 11-а классы 2-орунду, 10-а классы 3-орунду багындырышты.

20160307_133633-300x169

Бул жыйынтыкка кээ бир күйөрмандар нааразы болушту, анткени 9-б классынын аткаргандары кызыктуу болгонун айтып жатышты.

Катышуучу Аймончок Курсантбек кызы «биз жеңилсек да өзүбүздү 1- орунду алгандай сезебиз, себеби бизди күйөрмандар колдоп жатышты» деген оюн айтты.

20160307_134234-300x169

Калыс Раабы Ашированын айтымында, чечим туура эле чыгарылган. «Кыздар күчтүү даярданышыптыр», — дейт Аширова.

Даярдаган: Нуриза Калил кызы

Сынак үчүн