Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгы тарабынан акыркы 10 айдын ичинде 12987 уй бруцеллезго, 8100 уй шарпка, 8584 уй кара санга каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.
Башкармалыктын жетекчиси Д.Саткынов “эл малын убактысынан калтырбай эмдеткенге көнүштү. Анткени кара сан коркунучтуу экенин жана жайлоого чыкканда эмделбеген жаш мал тез өлүп каларын билип калышты. Ал эми кой-эчкилердин пастериелиоз, күл ылаңдары боюнча абал туруктуу.Кызыл-Белес айылында 4 короо койдон пастерелиоз оору чыгып, өз убагында дарылоо жүргүзүлдү. Малдарды эмдөөгө мамлекет тарабынан вакцина бөлүнөт.Айрым учурда мал ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт. Негизинен малды жылына эки ирет жаз, күз маалында эмдөө керек” дейт.
Даярдаган: Н. Муратбекова