Ноокат районунун Айбек айылында жаңы мектеп ачылды

2959

20151002_135948

Ноокат районунун Айбек айылында Айбек орто мектеби ачылды. Аталган мектеп төрт жыл мурун курулуп баштап, быйыл 2015-жылдын сентябрь айында окууга берилди.

20151002_135527

Бул мектептин мындан сегиз жыл мурун долбоору жазылып, төрт жыл мурун долбоору Жогорку Кеңеште каралып өткөн. Демөөрчү катары Надира Нарматова жардам берген жана мектеп директору да салымын кошкон.

20151002_141303

Мектептин ичинде баардык талапка жооп берген жабдуулар менен жабдылган. Мектептин ар бир классында компьютерлер бар. Эки интерактивдик доска, тигүү машиналары, атайын лингафон кабинети,  аскерге чейинки даярдоо классы бар.

20151002_140648

Мугалимдердин айтымында, айыл тургундарынын салымы менен мектеп директорунун жетектилиги астында ички жасалгалоосу баары бүткөн.

20151002_135855

20151002_140116

Мектептин 11-классынын окуучусу Элдар  Абдурасулжан уулу мурдагы мектебинде мындай компьютерлер болгон эмес эле дейт.

«Жаңы мектепте компютерлер бар, атайын аскерге чейинки кааналар баардык шарттар бар», — дейт Элдар Абдурасулжан уулу.

20151002_140316

Ошол эле мектептин 5-классынын окуучусу Нуржигит Акылбек уулу бул мектеп эмнеси менен жакканын мындайча айтат.

«Бул мектеп өзгөчө мектеп. Ар бир класста компьютерлер бар, мага ошонусу менен жагат», — дейт Нуржигит Акылбек уулу.

Даярдаган: Салиха Абдуллаева

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.