Баетов: Өспүрүмдөр арасында рекетчиликке сырткы күчтөр таасир этет

2245

20151022_124618[1]

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кылмыштуулукту алдын алуу боюнча ата-энелер, мугалимдер жана ЖОИИнын инспектору катышуусунда  өткөн жолугушууда  окуучулар ушул пикирди билдиришти.  20151022_125818[1]

Алардын айтымында айрым учурда  белгисиз үчүнчү күчтөр ар кайсы шылтоону айтып, салык салышат.  Бирок бул тууралуу  ата-энесине  же кимдир бирөөгө  ачык айткандан коркушат. Эмне үчүн коркорун  да  жашырышты.

20151022_124605[1]

Белгилей кетсек,  2011-жылы республика боюнча  сурамжылоого катышкан окуучулардын 22 пайызы рекетчиликке укук коргоочулар күнөөлүү дешсе, 36 пайызы “рекетчиликке каршы күрөшүү мүмкүн эместигин” белгилешкен.

Даярдаган: Г. Мамытбекова