Токтоян айылындагы Мамбетова Анаркүл эне учурда 63 жашта. Анын небереси Алик уулу Арген төрт жашынан майып болуп калгандыктан энеси жалгыз багып келе жатат. Азыр Арген 20 жашка келди. Эч кимден эч кандай жардам жок болгондуктан ар тараптан кыйналып күн кечирип жатканын айтат Анаркүл эне.
Анаркүл эненин небереси Алик уулу Арген 1996-жылы тѳрѳлгѳн. Анын апасы эрте каза болгондуктан, баласы талмалуу болуп майып болуп калгандыгын энеси баяндап берди.
“Менин балам 26 сентябрда тѳрѳлгѳн. Бул ооруга тѳрт жашынан кабылды. Мамасы тилекке каршы бала тѳрт жашар кезинде эле каза болгондуктан ошол бойдон менин колумда. Балам азыр 20 жашта, сүйлѳбѳйт, баспайт, турбайт ичем жейм деп айтпайт, сѳз жок, тил жок жатат. Мага аябай эле кыйынчылык болуп жатат. Өкмѳттѳн эч кандай жардам жок. 3000 сом пенсия алам. Опекунство беребиз деген ал да жок. Депутаттар келип жардам беребиз деген, алар да жок. Келип «кандайсыз?» деп да сурап коюшпайт. Мен азыр аябай жардамга муктажмын”, — деп баяндады Анаркүл эне.
“Менин эки балам бар. Аргендин атасы Алик жана кичүү балам Алмаз. Учурда улуу балам башка үй-бүлѳѳ куруп кеткен, андан кийинки кичүү балам Алмаз жардам берип турат. Дары-дармектерин, тамак-ашын салып турат. Өзү Каракол шарында жашайт. Анын да ѳз балдары бар. Мен учурда жардамга аябай муктажмын. Кыш да келе жатат. Отун-суум жок, силерден жардам сурайм. Ѳткѳндѳ эле майыптар күнүндѳ эч нерсе беришкен жок. Үч жылдан бери ѳкмѳт эч нерсе бере да элек. Мен айына 3000 сом алам ошого эле жан багып, күн кечирип келе жатам. Мен аябай нааразымын. Ушундай балдарга жардам беришпейт. Кошуналарым жада калса алар да, айылдык депутаттардан эч кандай жардам жок. Мен негизи карыдым, балам басса гана, мен да сүйүнмөкмүн ”, — деген арманын да кошумчалады Анаркүл эне.
Биз жогорку жактагы иштеген адамдарга кайрылабыз: 63 жаштагы Анаркүл энеге жардам беришиңерди суранабыз. Ал 20 жаштагы баласы менен жалгыз жашап жатат. Кайрымдуулук кылышыныздарды ѳтүнѳбүз.
Даярдаган: Дастан Оңолбеков
Сынак үчүн