Айыл тургуну Садыр Шатенов өзү сок чыгаруучу машина жасаган. Анын бул машина айыл эли үчүн кызмат кылууда.
Шатенов бул машинаны жасоо себебин мындайча түшүндүрдү.
“Жасаганымдын эң негизги себеби элге пайда келтирип, сок чыгаруу”, — деди ал.
Элдин сок чыгартканы келиши ар кандай. Кээде бир күндө 5-6 адам келсе, кээде келбей да калат дейт ал.
“Ал эми акчаны килограммына жараша 1 килограмм алманы 2 сомдон чыгарабыз”-деп билдирди Шатенов.
Машинаны жасоодо кыйынчылыктар туулган. Тетиктерин ар кайсы жактан алып келип, жалпысынан бир жылда жасап бүткөнүн айтат.
Көп деле акча сарпталган жок деп кошумчалады ал.
Ал эми айыл тургуну Саламат Кайкиев биринчи жолу сок чыгартып, жыйынтыгына ыраазы.
“Биринчи жолу сок тарттырып жатам, Каракол шаарындагы сок чыгаруучу жайлардан айырмасы, өзүбүздүн алмабыз, жакын жана арзан. Дүкөндөгү соктордон айырмасы — аларга эмне кошулуп жатканын билбейбиз да, таттуулугуна карап эле иче беребиз. А бул биз билип-көрүп өзүбүз чыгарып жаткандан кийин ишеничтүү”, — дейт Токтояндын тургуну Саламат.
«Сок чыгаргыч айыл элине чоң пайдасын тийгизип жатат. Алмалар да жөн жатпастан сок кылып ичсе организмге аябай пайдалуу турбайбы?” — деди Кайкиев.
Даярдаган: Айдай Абдынапыкова
Сынак үчүн