Куу-Майдан айылында медресе курулуп жатат

765

Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында медресе курулуп жатат. Медресенин курулуш иштери эки айдан бери уланууда.
20151018_231926
Медресеге элдерден акча чогултуп жатышат. Медресе 20 жылдай мурун курулуп, бирок толук бүтпөй калган.Айылдын аксакалдары кеңешип ошол медресени толук бүтүрүүгө чечим чыгарышты.

20151018_234012

Ар бир үй-бүлө кеминде 3000 сомдон беришет. Медреседе окуган балдар учун толук шарттар каралган. Медресе 7 бөлмөдөн турат, анын ичинде ашкана, мончо, дааратканасы бар.

20151018_234343

Азыр медресе толук бүтпөсө да башка жактан балдар келип окуп жатышат.Балдардын саны онго жетет.

20151018_234650(0)

Окуучулардын устазы Мухаммаддияр Курбанбеков балдар зээригип калбашы учун ар аптанын бир күнүндө ойноткону алып барып турат.

20151018_235321

Автор: Курсантбек уулу Хусейин
сынакка
transition phrases for essays writing a research paper middle school apush essay questions