Исхак Раззакавдун 105 жылдыгына конференция өткөрүлдү

655

20151021_110559

Бүгүн 21.10.2015-жылы Сүлүктү шаарындагы Кошбулак аймагындагы  И. Раззаков атындагы №7-орто мектебинде И. Раззаковдун 105-жылдыгыга карата конференция өттү.

Конференцияга Сүлүктү шаардык мэриясынын I виц- мэринин м.а Б. Э. Сапаркулов, Вице- мэрдин м.а К. Н Сапарова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Ж. Исманов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Жаныбеков Маннан агай,  шаардык Кеңештин депутаттары жана көмүр өндүрүүчү мекемелердин башчылары катышты.

«Конференция өтө кызыктуу өттү. Өзгөчө СГЭИ БатМУнун ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, белгилүү тврыхчы Жаныбеков Абдуманнан агайдын доклады маанилүү болду. Докладда И. Раззаковдун бала чагы боюнча буга чейин изилденбеген, жаңы маалыматтар берилди. А. Жаныбеков Эл оозунан И. Раззаковдун бала чагы жөнүндө маалымат чогултуп, тарыхый фактылар менен салыштырып, иликтеп жүрөт»- дейт билим берүүнүн мыктысы, №1- мектептин директору, шаардык Кеңештин депутаты К.М Сапарбаев.

20151021_111216

Кабарчы:          М. Исканов