Ысык көл облусунун Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында спорт зал жок болгондугуна байланыштуу окуучулар кошуна айылга барып машыгышчу. Учурда спор зал салынып ишке берилгени жатат. Жаңы салынып жаткан спорт зал заманбап үлгүдө болмокчу.
Мамытов Кубанычбек атындагы мектептин мүдүрү Эркинбек Садыровдун айтымында, спорт залдын салынуусуна 14 миллион сом акча сарпталган.
“Спорт залдын салынуусу жаштарга, келечекке, балдардын ден-соолугуна, алардын өсүп жетилүүсунө, кыргыз элинин балдарынын ден-соолугунун чың болушуна абдан жакшы өбөлгө түзөт. Мектеп окуучуларынан келечекте спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мыкты спортчулар чыгат деп ишенем”, — деп айтып өттү Садыров.
Аталган мектептин дене-тарбия мугалими Жанарбек Жумакадыров билдирүүсүндө, спорт залдын ачылышы 5-ноябрга болжонуп жатканын айтат. Буга чейин Жанарбек волейбол боюнча мектеп курама командасын түзүп, мелдештерде алдыңкы оорундарга ээ болуп келишкендигин жана жаңы спорт зал ишке кирсе дагы чоң ийгиликтерге жетебиз деген оюн билдирди.
“Спорт залда волейбол, баскетбол жана футбол, күрөш боюча машыкса болот. Баардык шартар бар. Бул курулуштун ачылышы баарыбызга пайдалуу болот”, — деп билдирди Жумакадыров.
Мамытов мектебинин окуучусу Мадина Эсенгелдиева волейбол кыздар командасынын капитаны. Спорттун бул түрү менен төрт жылдан бери алектенип келет.
“Мурда биздин айылда спорт зал жок болгондуктан коңшу айыл Тасмага барып машыкчубуз. Кээ бир күнү кеч келип калабыз. Суукта ар кандай кыйынчылыктар болчу. Эми өзүбүздүн айылга ачылып жатат абдан кубанып жатабыз. Биз буга чейин деле алдыңкы оорундарды ээлечүбүз. Мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм”, — деп билдирди Эсенгелдиева.
Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Айпери Темирканова, Назми Социалова, Мадина Эсенгелдиева.
Сынак үчүн