Баетовдогу төрт чачтарачтын бири Адинай менен маек

1155

Baetov_ChachTarach (3)

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Адинай Ажиева учурда  атайын билим алып келип, айылдагы төрт чач тарачканалардын биринде чакан ишин жүргүзүүдө.

Baetov_ChachTarach (1)

Адинайга барып интервью алганыбызда иши жакшы жүрүп, бул тармакта иштеп  жатканына сүйүнүп жатканын билдирди.

Baetov_ChachTarach (2)

“Мен бул тармакта иштеп жатканыма кубанычтамын. Кичине кезде врач болгум келчү. Ата-апам ооруса дарыласам, деп кыялданар элем. Бирок өкүнбөйм. Күнүнө 700-800, кээ  бир  учурларда 1000 сомго чейин табам. Чач кыркам, чач жасалгалайм, тырмак жасайм, кирпик  чаптайм. Азыр жакшы көп кардар топтодум”, — дейт жаш ишкер Адинай.

Анын иш тажрыйбалары тууралу кардарлардан сураганыбызда көбүнчөсү жакшы ойдо экенин билдиришти. Мектеп мугалими Чолпон Нусупова Адинайдын адамга кылган мамилеси жакшы дейт.

Baetov_ChachTarach (5)

“Мен Адинайга чачымды кырктырдым. Башкалардан айырмаланып адамга кылган мамилеси  жакшы экен. Жакшы өздөштүргөн”, — деп билдирди Нусупова.

Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Албина Мадиева биринчи жолу Адинайга келип чачын кырктырып жатат.

Baetov_ChachTarach (4)

“Башка чач тарачтарга караганда жакшы кыркат экен. Биринчи эле жолу кырктырып жатсам да жакты, жаш болсо да жакшы өздөштүргөн”, — деген ойдо Албина.

Баетов айылында жалпы төрт чач тарачкана иштейт. Алардын бири Адинайдын келип, иштей баштаганына бир айдын жүзү болду.

Даярдаган: Асел Калыйнур кызы, Асель Жакыпова