Кошбулак айылында жаңы көпүрө курулду

874

32014-жылы катуу жааган жамгырдан кийин Токтогул көчөсүнүн жогорку жагыдан түшкөн селден 9 үйдү  багы менен суу   каптап, 1 үйдү сел бузуп кеткен.

Ошондон кийин  мэрия жана ӨКМ атайын комиссия иликтеп чыгып, Өкмөт тарабынан бул үй-бүлөлөргө 50 миңден 200 миң сомго чейин акча бөлүп берди. Бардыгына үй салуу үчун 6 сотыхтан жер берилди.

2 Сел аккан сайга атайын канал курулуп, сел ушул каналдан ага турган абалга келтирилген.

Жашоочулардын карым катнашын жакшыртүү үчүн Т.Марипов жана Токтогул көчөсүнүн туташкан жерине атайын көпүрө салынып 2015-жылы июнь айында пайдаланууга берилди.

Бул боюнча айыл тургун Садыкова Жамила: » Өкмөткө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз, 50 миң ссуда, 6 сотых тамаркага жер бөлуп берди», деди.

1Сүлүктү шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору А.Ибрагимов: » Сел үчүн  атайын канал курулганы жакшы болду, оорукананын абалы коопсуз болуп калды»,-дейт.

Даярдаган:  Мусуратилла Исканов.