Куу-Майданда коомдук ишмер Абтыкаар Эргешов эскерилди

927

DSC00298

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл ѳкмөтүндө 16-октябрда коомдук ишмер Абтыкаар Эргешовду эскерүү күнү болуп ѳттү. Эскерүүгѳ достору, кесиптештери, айылдаштары жана туугандары келишти. Анда Абтыкаар Эргешовдун жеке ѳздүк тасмасы кѳрсѳтүлдү.

Айылдаштары коомдук ишмерди сыймыктануу менен эскерип жатышты. Айыл тургуну Кожон Абдыразаков аны ар бир адамга жакшы мамиле жасап, билгичтиги жана тыкандыгы менен айырмаланганын айтты.

“Биринчи эле келгенде колхоздун техникаларын көзөмөлдөп турган. Айылдын тургундары техниканын тилин билген инженер деп эсептешкен. Андан кийин кызматынан бир топ көтөрүлгөн. Эргешов Абтыкаардын элибизге кылган эмгектери үчүн анын атын айыл ѳкмѳткѳ койуу маселеси талкууланды”, — деди ал.

DSC00308
Алмаз Эргешов Абдтыкаар Эргешовдун үчүнчү уулу. Анын айтуусунда атасы жөнөкөй жана токтоо адам болгон.

“Биз үй-бүлөдө бир кыз, беш уулбуз. Баарыбызга берген тарбиясы абдан жакшы болчу, насаатарды айтчу. Атам илимдүү-билимдүү адам болгон. Атамды эскерүүгѳ бирге иштегендер, шакирттери, теңтуштары жана айыл тургундары келишти. Жакшы сөздөрүн айтышты”, — деп айтты Алмаз Эргешов.

DSC00299 Эскерүүдөн кийин анын жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш болуп ѳттү. Мелдештин байге фондуна 50 000 сом коюлду.

DSC00310

Оюнга 13 айыл ѳкмѳттѳн командалар катышып, жыйынтыгында биринчи орунду Кара-Таш, экинчи орунду Кеңеш айыл ѳкмѳтү жана үчүнчү орунду Кыргыз–Ата айыл ѳкмѳтү ээлешти.

Даярдаган: Сыймык Абубакир уулу

Сынак үчүн