Тасмада алгачкылардан болуп КМС алган спортчу

788

20151008_210653
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айбек уулу Чыңгыз грек-рим күрөшү менен үч жылдан бери алектенип келет. Облустан биринчи орунду, республика жана Казакстандандан
үчүнчү орунду ээлеп, Чолпон–Ата шаарынан КМС (кандидат в мастера спорта) наамын алган.

Чынгыз Айбек уулу грек-рим күрөшү башка күрөштөрдөн бир топ эле оор экендигин, жана спорт менен алектенүү ден-соолука пайдалуу экенин айтып өттү.

“Мен спорт менен алектенгениме төрт жылга жакындап калды. Төрт жылдан бери көптөгөн ийгиликтерге жетиштим, эң биринчи катышканда шыгым жок болчу. Бир-эки жумадан кийин үйрөнө баштадым. Буга чейин көптөгөн ийгиликтерге жетишкем. КМСтин грамотасын облус боюнча мен эле алгам. Алып жатканда агайларым, өзүм аябай сүйүнгөнбүз” , – деп билдирди өз оюн жаш спортчу.

20151008_215557

Спротчунун апасы Завира Атантаева баласы менен сыймыктанаарын, ар бир жеңишин тең бөлүшүп, колунан келишинче колдоп тураарын, жеңишине кубанычын жашырган жок.

“Баламдын күрөшкө катышуусуну болгон аракетибизди жумшайбыз. Машыгууларына баргызабыз. Ата-эне балдарына кандай кам көрсө, биз дагы ошондой эле кам көрөбүз. Бардык керектүү нерселер менен камсыздап турабыз, спорт менен алектенгени өзүнүн ден-соолугуна жакшы, алыс жерлерге барганда пайдасы тийет”, – деп айтты Атантаева.

Мектептин дене тарбия сабагынан берген мугалими Тилекмат Атагулов Чыңгыздын грек-рим күрөшүнөн машыктыруучусу. Спорт боюнча балдарды машыктыруу менен алты жылдан бери алектент жана Чыңгыз тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

20151008_215454

“Чыңгыз өтө талантуу бала жана эмгекчил. Ар дайым машыгууга убагында келип турат, калтырбайт”, — деп билдирди Атагулов.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова

Сынак үчүн