Бакай-Атада бирдиктүү мектеп формасы чечилбей калууда

872

150519115544_kyrgyz_school_uniform_624x351_bbc_nocredit

Көптөн бери чечилбей келе жаткан бирдиктүү мектеп формасы ата-энелерге кыйынчылык алып келип жатат. Анткени бирдиктүү форма Бакай-Атадагы Ленин орто мектебинде ата-энелердин каршылыгынан улам кабыл алынбай калган.

 

Ленин мектебинин тарбия завучу Гулумкан Рысалиевабүт мектеп формасы кийсин деп башында токтом чыкканы менен ата-энелердин каршылыгынан улам ак-кара түстөгу формага өттүк, дейт.

Окуучулар деле бирдиктүү мектеп формасын кийгиси келишти, бирок мектеп формасынын кымбаттыгына байланыштуу ата-энелер аны алып бере алышкан жок. Эгерде мектеп форма арзаныраак болсо, ар бир ата-эне алып бермек ар бир окуучу мектеп формасы менен камсыз болмок.

IMG_0732

Азыркы учурда ата-энелерге чөнтөгүнө туура келбей жаткан эң көйгөйлү маселелердин бири. Бирдиктүү мектеп формасына карата Бакай-Атанын тургуну Индира Турсункулова мындай дейт.

«Кымбат болгон үчүн алып бере алган жокпуз. Ар бир балага үч миң сомдон болуп жатат. Анан кийин анын бут кийими бар, костюм шым алып бергенбиз улуу балама», — дейт ал.

Турсункулова форма жакканын, бирок анын сапаты начар деп укканын айтат.

IMG_0734Ленин мектебинин окуучусу Кайрат Кубанычбеков өз сөзүн атып кетти.

IMG_0720

«Мектеп формасы башка түстө чыгып калды. Бул нерсеге ата-энелерибиз дагы каршы болду. Азыркы учурда ак көйнөк, кара шым кийип калдык. Быйылкы жылы да мектеп формасы чечилбеген көйгөй боюнча калууда», — дейт мектеп окуучусу Кайрат.

Даярдаган: Амантур Сейталиев, Арфат Түмөнбеков

Сынак үчүн