Тасманын кадырлуу карыясы Асанакун ата

814

20151007_140829

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Асанакун Дүйшөбаев учурда 79 жашта. Жашы улгайганына карабай баскан-турганы, сүйлөгөнү тың дешет айыл тургундары. 

Ал көптөгөн кесиптердин ээси болуп Түп аймагында эле эмес Кыргызстандын ар кайсы жерлерде эмгектенген. Азыр эс алууда өзүнүн чакан короосунда чарба иштери менен алектенгенди жакшы көрөт. Ата учурда 11 баланын атасы жана 25 неберенин чоң атасы.

Асанакун Дүйшөбаев, канчалык эмгектенсең үзүрүн көрөсүң, дейт. Асанакун ата Тасма жети жылдык мектебинен окуп андан соң, Арал айылында 10-классты бүтүргөн. 1955-56-жылдары Фрунзедеги мамлекеттик университетинин география факултетине өтүп, аны ийгиликтүү бүтүргөнүн айтат.

Андан соң ата Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген, иш жолун Тасма айылындагы колхозго келип башкы экономист болуп иштеп дагы айылдык, райондук кызматтарда иштеп келген. Эки жылдан бери эс алууда экенин билдирди.

“Азыр үйдөгү жумуштар менен алектенем. Огородду карайм, отойм, суугарам. Көптөгөн жашылча-жемиштерди өстүрөбүз. Үйдөгүлөргө жардам берем, бош отурганга убакыт жок. Беш убакыт намаз окуйм. Кудайга шүгүр ден-соолук жакшы балдарга, неберелерге тарбия берип эс алуудамын. Ден-соолук болсо эмгектениш керек, жалкоо болбош керек! Жок шылтоо айтып бекер жаткандарды мен түшүнбөйм эң жок дегенде телевизор көрүп, газета окуп, радио укса кандай деген жаңылык менен камсыз болуп көңүлүң ачылат”, — деген оюн айты Дүйшөбаев.

Ата менен бою чогуу 60 жыл жашап, кайсы жерге барбасын чогуу колдоп турган Жакшылык Асанова абышкасы тууралу буларды айтат.

“Асанакун өтө эмгекчил, ар дайым чындык үчүн күрөшөт”.

Асанакун ататын кошунасы Динара Сыдыкова кошунасынын багбанчылык жөндөмү жогоруу экенин дагы кошумчалады. Огородуна баардыгын өстүрөт карагайлар, алманыны түрлөрү, абрикос, жаңгак андан сырткары бадыраң, помидор жашылчаларды дагы жакшы кылып өстүрүп аларын белгиледи.

20151007_141313

“Асанакун ата эң биринчиден өтө эмгекчил. Элге алгылыктуу, айылыбыздын кадырлуу карыяларынын бири”, — деп билдирди Сыдыкова.

Атанын баласы Эркинбек Дүйшөбаев атасы туурасында төмөнкүлөргө токтолду.

20151007_140724

“Атама дайыма жардамдашып турам, негизи эле ар бир бала ата-энесинин айтканын угушу керек. Мен атамдын эмгекчилдигин, иштермандыгын, чынчыл, акыйкатчылдыгын баалайм жана  өзүмө үлгү катары кабыл  алам”, — дейт Асанакун атанын уулу.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Нуржанат Советбек кызы.

Сынак үчүн