Тасмада пенсия көбөйүүдө

658

20151013_093947

Түп районуна караштуу Тасма айылында пенсия көбөйүүдө. Бирок  пенсия алуучулар дагы деле нааразычылыктарын билдирди.

Кээ бири акча көбөйгөнү жакшы, бирок стажга караган жок деп билдиришүүдө. Ал эми пенсия бөлүп берүүчулөр муну жокко чыгарды.

Тасмалык пенсионерлердин бири Качкын Байсариева иштеген ишин, кылган эмгегин  эсептебей койгонун айтып нааразы экенин билдирди.

Мен азыркы убакта акча кошулганы менен 2400 алам. Ал эми кошулганга чейин 1800 алчумун. Акча кошулганы жакшы, бирок менин стажым кошулбай калган. Мен мал кайтарып иштегем, буга акча кошкон жок”, — деп нааразы экенин айтты Байсариева.

20151013_101511

Ал эми Түп райондук пенсия бөлуп берүүчү Бактияр Абакиров пенсионер башынан тактап албагандыгын жана жасаган иштерин архивге киргизбегенин, ошонун негизинде билинбей калганын баяндайт.

“Бардыгы туура бөлүнүп жатат. Аял кишинин 35 жылдык стажы болсо пенсияга чыгат. Өзүнүн үлүш жери бар, ошого акчаларын төгүп кирбей калган стаждарын жылын аныктап туруп киргизсе ошондо гана пенсия туура берилет”, — деп билдирди райондук кызматкер Абакиров.

Дагы бир пенсионер Күлүпа Атагулова өзүнүн пенсиясы эч нерсеге жетпегендигин билдирүүдө.

IMG_6726 “Пенсияны көбөйгөнү жакшы болду бирок бул дагы аз, менин алган пенсиям  биздин тамак ашка жетпейт. Азыр азык-түлүк кымбат дагы кошсо болмок”, — дейт ал.

Даярдагандар: Алина Санжар кызы, Гүлзар Курманбек кызы, Айжан Жамаева.

Сынак үчүн