Тасма: Акмарал конушунан билим алуу үчүн төрт чакырымды басып өтүү

670

Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын чет жагында Акмарал конушу жайгашкан. Бул жерден мектепке чейинки аралык төрт километр. Ага карабастан окуучулар барып келип окушат.

Айсулуу Карымшакова Тасма айылындагы Сопиев мектебинин окуучусу. Анын айтымында окууга бара жатканда көпүрө болбогондуктан сууну кечип өтүүгө да туура келет. Кээде мектепке ооруп келбей калганда мугалимдер аны түшүнбөгөнүн айтып буларга токтолот.

20150922_194408-1024x576

“Менин үйдөн мектепке чейинки жолум мага жакпайт. Анткени суу кечип ооруп калабыз. Ата-энелерибиз биз үчүн азап тартышат. Бирок биз азыр чоңоюп калдык. Кээде суу кечпей жээктеп барганда кечигип калабыз. Менин оюмча, тасмалыктар негизи сабакка эрте барыш керек да. Карап турсаң биз келгенден кийин кечигип келишет. Кээде бөбөктөрүбүз болуп кышында кеч чыгабыз. Анан кечигип калабыз. Мугалимдер кечиккенибизде «эрте чыкпайт белеңер?» деп урушушат. Биз эрте чыкканда саат жетиде чыгабыз. Ошентип кээде кечигип калабыз. Байкуш кичине балдар дагы келип окушат, себеби аларга да билим керек. Кээде бороон болгондо ат менен мектепке келебиз”, — деп бөлүштү ал.

Сопиев мектебиндеги Айсулуунун класс жетекчиси Айымбүбү Бегимбаеванын классында Акмарал конушунан эки кыз окуйт. Бул туралуу мугалим төмөнкүлөргө токтолду.

20150922_184533-1024x576

“Мен ата-энелерге күнүгө бирден кезектешип, балдарыңарды унаа менен алып келип тургула десем болушпады. Биринчиден окуучулар күн суук болуп жаан, каар жааган күндөрү келе албай калышат. Себеби жол алысыраак. Жолдо ар кандай нерселер болот. Ошондуктан сабакка келе албай калышат”, — деди Бегимбаева.

Акмарал конушуунун тургуну Индира Кудабаева учурда эки баланын энеси. Бир баласы мектепке барат. Балдары мектепке барып жаткан жол жаман экенин айтып, нааразычылыгын билдирди.

Биз өзүбүз демөөрчү болуп көпүрө куруп берсек айылдыктар уурдап кетишкен. Андан кийин кайра кура албай калдык. Ошентип балдарыбызга барып келип окуш кыйынга турууда”, — дейт Кудабаева.   

Даярдагандар: Айдана Саякова, Нуржанат Советбек кызы

Сынак үчүн