Токтоян айылынын тургундары бирдиктүү мектеп формасына каршы

873

IMG_20151012_154214

Мурдатан келе жаткан форма фартукка көнүп калган Токтоян айылынын элдери жаңы формага көз караштары башкача. Форманын чыкканы жакшы, бирок бааларынын кымбаттыгы карапайым элди тынчсыздандырып жатканын айтышат.

Жаңы бирдиктүү мектеп формасы киргизилет, анткени талап ошондой, эртеби кечпи баары аны кийишет дейт Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинин директору.

“Быйылкы жаңы окуу жылында бирдиктүү форма киргизилген. Бирок жашоочулардын арасында форманын кээ бир түстөрүнө нааразычылыктар болууда. Сентябрдын отузуна чейин мектептерде жыйналыштар болуп, ата-энелер менен бирге мектептик форманы тандап алуу боюнча жыйын өткөрүлгөн. Мектептин өзүнүн формасы болгон жакшы, анткени окуучулар бири-биринен эч өзгөчөлүксүз бирдей кийинип келиши керек”, — дейт директор Калык Албанов.

20151003_110137

Айыл тургуну Жамиля Исмаилованын үч баласы мектепте окуйт. Алардын баарына тең форма алып бере албаганын айтат.

“Баарына алып бергенге каражатыбыз да жетпейт. Биз эле эмес баардык ата-энелер кыйналып жатышат. Ар бир үй-бүлөөдө жок дегенде эле экиден-үчтөн бала бар. Ата-энелердин шартына да карап быйыл кийгизбей эле коё турушса болмок. Өкмөт баары комплектиси менен болот деп коюп, көйнөгү менен галстугун өзүнчө алдык. Баарын кошкондо бир эле форма 4 миңге жакындап кетип атат”, — дейт айыл тургуну Исмаилова.

IMG_20151014_151013

Токтояндын дагы бир тургуну Нурбек Имашов жумушсуз болгондуктан үч баласына мектеп формасын сатып алып бере албаганын айтат.

“Жубайым да, өзүм да үй тиричилик менен эле үйдөбүз. Жаңы форма кымбаттыгына байланыштуу үчөөнө тең алып берген жокпуз. Айылда деле көп ата-эне алып берген жок. Бизде жашоо ушундай эч ким иштебейт. Күнүмдүк жумуштар менен эле алек болуп жүрүшөт. Балким бара-бара алып берип кие башташат, бирок азыр эмес”, — деп токтолду Имашов.

IMG_20151012_163318

Мектепте баары бирдиктүү кийинсе жакшы болмок. Бири кийип бири кийбей жаман экен дейт мектеп окуучусу.

“Мен бир үйдүн жалгыз баласымын. Байкем, эжемдер окууну бүтүп кетишкен. Мага форманы үйдөгүлөр 2100 сомго алып беришти. Мектепте кийгендер аз. Ошондуктан мен деле анда-санда кийип келем”, — деди Жакып Жоомарт уулу.

IMG_20151014_154020

Даярдагандар: Рита Кеңешова, Мадина Кеңешова

Сынак үчүн