Бакай-Атада окуучуларга бут кийим таркатылууда

1326

IMG_0624

Бакай-ата айылынын Ленин орто мектебинде азыркы маалда 1-класстан  11-класстын окуучуларына макас таркатылууда. Бул бут кийим таркатылганына окуучулар кубанууда.

7 “В” классынын окуучусу  Ализа Куттубекова биздин сурообузга мындай деп жооп берди. “Мен бул макасты эки жылдан бери кийип келем. Бутка аябай ыңгайлуу экен”,- дей Ализа.IMG_0629

Макастарды окуучуларга алып келген  Кыргызстанда иштеп жаткан “Адра” фонду болду. Мектептин социалдык педагог  Нуржамал  Боронбаеванын айтымына караганда, жылына ушундай гуманиардык жардам болуп келет.

“ «Адра” фонду быйыл биздин мектепке 1058 бут кийимди бекер берди. Окуучулардын баарына жетиштүү болду. Балдардын буттарынын өлчөмүн бир ай мурун ченеп кетишкен”.

IMG_0627

Мектептин дене тарбиячысы Нурлан Арыков “макас өзу спорт залдын ичине машыкканга гана чыгарылган. Себеби буну жерге кийсең бат эле айрылып калат экен. Бул резинадан жазалган бут кийим . Буну күн суукта да кийгенге болбойт. Жөн гана спорт залга ылайыкту “,-дейт агай.

Даярдагандар: Амантур Сейталиев, Арфат Туменбеков.

Сынак үчүн