Куланак: “Жогорку билимдүүмүн, өз кесибим менен эмгектене элекмин”.

2177

20151005_111953

Учурда жогорку билимдүүлөр көп болгону менен өз кесибинин ээси болбостон башка нерсе менен алектенип келишет. Бул материалда Куланак айылында «жогорку билимдүүмүн, бирок жумуш жок» деп отура бербестен сүйгөн кесип таап алган айымдар менен курган кыскача маегибизди сунуштайбыз.

Биз сөз кыла турчу каарманыбыз бир шиш (крючок) менен ар кандай көз жоосун алган кыздардын чачка таккан резинкасын, сумка, сотка салгыч, башмак, жеңи жок жемпир токуп алектенген Элнура Кудайбергенова болмокчу. Кесиби боюнча ал өзү инженер энергетик.

20150925_143757

“Мен өзүм бош отура албайм, бир шиш менен түйгөндү үйрөнө электе курак курачымын”, — деп эскерди жаңы кол өнөрчүлүк менен алектене баштаган кездерин ал.

Баарынан кызыгы эч кимден үйрөнбөстөн эле, даяр токулган буюмдарды карап эле үйрөнүп алганында.

«Кызыгуум студент кезде эле пайда болгон. Үйрөнгөнүмө эки жыл болуп калды. Улам өзүмө жаңы нерселерди ачып, кызыгуум улам артып келет», — дейт Элнура.

Дагы бир каарманыбыз кичинесинен эле кийиз бетине сайма сайып түр салып келет. Өз кесиби ветеринар.

20120109_140352[1]

«Мен сайманы 5-класстан эле кол-эмгек сабагынан үйрөнгөм.

20120109_135859[1]

Биринчи сайган саймаларым менен азыркы сайган саймаларымдын айырмасы абдан чоң. Эски саймаларымды көргөндө катасын дароо эле көрөм. Азыр көзүм каныгып, кайсыга кандай оюу салынаарын алдын ала эле баамдайм. Бош болгондуктан сайган саймаларымды бир аз акча болсо да сатып ийип баскан турганыма керектейм».

20120109_135954[1]

«Жогорку билимдүүмүн, бирок жумуш жок» деп отура бербестен сүйгөн кесип таап алышкан.

Мындай таланттулар көп. Ар бир кыргыздын кызынын колунан келе бербейт.

Даярдаган: Айзат  Түмөнбаева

Сынак үчүн