Мугалимдер өз күчүн билим берүүдө гана сынабастан жылыга мугалимдердин “Кесиптик күнүнө” арналган спартакиадада сынап келишет.
Спартакиадалык оюндарга шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, волейбол, футбол, аркан тартыш, кол күрөш оюндары киргизилген.
Спартакиаданын биринчи туру Нарын районунун Учкун айылында өткөзүлгөн. Финалдык беттеш ошол эле райондун Дөбөлү айылында өткөзүлдү. Спартакиаданын ачылышы болуп, анда окуучулар чакан концертин тартуулады.
Өрөөндүк мелдешке райондон Жан-Булак, Достук, Куланак, Учкун жана Пионер айылдарынын мектеп мугалимдери катышып, командалык жеңишти Куланак айылынын Аралбаев мектебинин мугалимдери алып кетти.
Жогоруда айтылган беш айылдын мектебинен түзүлгөн команда финалдык беттеште биринчиликти берген жок.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева
Сынак үчүн