Куланак: Аралбаев мектебинде заманбап даараткана ачылды

864

20151006_100250

“Суу, санитария жана гигиена” долбоорунун алкагында Нарын районунун Куланак айылындагы Аралбаев мектеби жеңишке жетип, жаңы даараткана мектеп ичине курулууда.

Бул жеңишке жетиш үчүн мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер менен бирдикте 2014-2015-окуу жылында көптөгөн иш чараларды аткарышты.

20151006_100305

“Таза класс”, ”Таза кабинет”, класстар аралык КВНдер, ”Таза зал”, мектептен куралган “Мөл булак” аттуу команда башка айылдын мектептеринин окуучуларынын арасында уюшулган КВН-конкурска катышып 1-орунду ээлеп келген.

Мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер берилген тапшырмаларды убагында так жана туура аткарып, мектеп ичине курулуп жаткан дааратканага салымын кошушту.

20151006_100407

Буюрса ишке кире турган даараткананын ачылышына аз калды. Ушундай өздөрү келген долбоорлордон качпай болгон күчтөрүн мектеп жумшай берсе, мектептин ичи толугу менен жаңыланчудай эле болуп калды.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Сынак үчүн