Токтоянда мектеп окуучулары ден соолугун чыңдоодо

1413

20150923_122331-1-1[1]

Коёнкѳзов мектебинин окуучу балдары спорт менен машыгууда. Алар күндѳ мектептин ѳзүн-ѳзү башкаруу, спорт министри тарабынан түзүлгѳн план боюнча кѳнүгүүлѳрдү жасап, ар кандай спорттук оюндарды ойношот.

Мектептин спорт министринин эң негизги максаты балдардын ден соолугун чыңдоо экендигин билдирди.

20150930_124140-1[2]

 

“Мен спорт министри болгондуктан 5-11-класска чейинки балдарды спорт менен машыктырам. Балдар күндѳ сабактан кийин саат 12:05ден 12:35ке чейин 30 мүнѳт түзүлгѳн план боюнча кѳнүгүүлѳрдү жасашат. Негизги максатым балдарды ичкилик ичүүдөн алыстатуу, чылым чегүүсүнѳ жол бербѳѳ”, — дейт Жеңиш Асаналиев.

20150923_122145-1[1]

Балдар чуркашат, турникке тартылышат, скакалка секиришет, гусиный шаг басышат, оджимания жана башка кѳнүгүүлѳрдү жасашат. Бул боюнча мектеп окуучусу Дастан Оңолбеков ѳз оюн тѳмѳндѳгүдѳй баяндады.

20150930_124346[2]

“Биз машыгууну сентябрь айынын башынан эле баштадык. Спорт менен машыгууну мектептин парламенттери сунуштады. Аларга ыраазычылыгымды билдирем. Анткени азыр кээ бир мектептердин окуучулары ичкилик ичип, насывай, тамеки чегип жатышпайбы. А биз күндѳ спорт менен машыгып, андай жаман жолго барбоого шарт түзүлдү”, — деди 8-класстын окуучусу Дастан.

Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы, Нурпери Нуркасым кызы

Сынак үчүн