Токтояндын тургундары “Кирешелүү сүт-3” лотереясын ойнотууга катышат

701

20151006_180911-1[1]

Аталган иш-чара “Сүт-Булак” ЖАК сыр бышыруучу заводуна сүт ѳткѳргѳн Ыссык-Кѳл облусунун тургундарына стимул берүү, тапшырылуучу сүттүн кѳлѳмүн жогорулатуу жана анын сапаттарынын кѳрсѳткүчтѳрүн жогорулатуу үчүн уюштурулууда.

Сүт Булак ЖАКка уйдун сүтүн дайым ѳткѳрүү менен тыгыз кызматташтыкта болгон Ысык-Кѳл облусунун тургундарына сый акы кѳрсѳтүлмөкчү.

“Кирешелүү сүт-3” лотереясы стимул берүүчү лотерея болуп эсептелет. Бул лотереяны уюштуруучу болуп “Сүт Булак-Чыгыш Түптѳгү Сүт секторун ѳнүктүрүү” Жылуу-Булак акционердик компаниясы (ЖАК) эсептелет. Лотерея Ысык-Кѳл облусунун аймагында 2015-жылдын 15-майынан тартып 30-сентябрына чейин жүргүзүлѳт.

20151007_123622-1[1]

Бул лотереяга Сүт Булак ЖАКтын кызматкерлери жана ѳкүлдѳрү, сүт чогулткучтар жана ташыгычтар, ошондой эле лотереяны уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ тиешеси бар адамдар жана алардын үй-бүлѳ мүчѳлѳрү катыша албастыгын айыл тургуну Тынар Ильясова кошумчалады.

“Кирешелүү сүт-3 лотереясына 18 жашка толгон жана Ысык-Кѳл облусунун Түп районунун Сүт Булак ЖАК сүт чогултуучу жайга уй сүтүн талапка ылайык ѳткѳргѳн жеке адамдар катыша алат. Мен да лотерея ойнотом. Азыр Сүт Булактан бизге сүттүн кѳлѳмүнѳ жана майлуулугуна жараша купондорду таратып атат. Ал купондорду Түп районунда алардын офиси бар, ошол жерден алмаштырабыз. Он купонго бир билет берет”, — деп билдирди айыл тургуну Илясова.

20151006_183644[1]

Лотерея билети үчүн тѳлѳм же лотереяга катышуу үчүн башка тѳлѳмдѳр катышуучулардан талап кылынбайт. Быйыл лотерея экинчи жолу ойнотулуп жатканын билдирди айыл тургуну Фарида Бакалова.

“Мен быйыл лотереяны экинчи жолу ойноткон атам. Былтыр дагы ЖАК тарабынан лотерея ойнотулганда 500 сом утушка ээ болгом”, — деп билдирди ал.

20151007_191121-1[1]

Жалпы байге куржуну 1 000 000 сомду түзѳт. Катышуучулар тѳмѳнкү ѳлчѳмдѳ жана санда акчалай утуштарга ээ болууга мүмкүнчүлүк алат:

-50 000 сом — 10 утуш

-20 000 сом — 10 утуш

-10 000 сом — 10 утуш

-5 000 сом — 20 утуш

-1 000 сом — 100 утуш

Бир катышуучуга болгон утуштар чектелбейт. Лотерея билеттери канчалык кѳп болсо, кѳптѳгѳн акчалай утуштарды утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук кѳбүрѳѳк болот.

Лотерея 2015-жылдын 17-октябрында Ысык-Кѳл облусунун Түп районунун Маданият үйүндѳ ѳткѳрүлѳт. Саат 10:00 до башталат.

Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы, Нурпери Нуркасым кызы

Сынак  үчүн